18.10.2019 15:02

КСДП мүчөлөрү Конституциялык Палатага кайрылуу жолдошту (толук текст)

КСДП мүчөлөрү Конституциялык Палатага кайрылуу жолдошту (толук текст)

КСДП партиясынын мүчөлөрү Конституциялык Палатага кайрылуу жолдошту. Кат КСДП юристи Нурбек Касымбеков,  ЖК депутаты Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мурадыл Мадеминов, Анвар Артыков, Карамат Орозова жана КСДП Катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Усубалиевдин атынан жазылган.  

Кайрылуунун толук текстин келтиребиз:

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  2019-жылдын 15-майындагы №61 Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасын  конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2 –бөлүгүнө, 20-беренесинин 1 жана 3-бөлүгүнө, 28-беренесинин 1-бөлүгүнө, 35-беренесине, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 64-беренесинин 11-бөлүгүнө, 70-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы деп табуу жөнүндө

ӨТҮНҮЧ

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылууга биздин «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  2019-жылдын 15-майындагы №61 Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасын  жана 2-беренесин конституциялык эмес деп эсептегенибиз негиз болду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары – Конституция) 97-беренесинин 7-бөлүгү бизге Конституциялык палатага кайрылууга укук берет.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  2019-жылдын 15-майындагы №61 Мыйзамы (мындан ары- Мыйзам) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган, «Эркин Тоо» газетасынын 2019-жылдын 17-майындагы №40 санына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана учурда аракетте болуп эсептелет.

Кайрылуунун предмети болуп аталган Мыйзамдын 1-беренесинин 8-бөлүгүнүн төмөнкү мазмундагы «б» пунктчасы жана 2-беренеси болуп саналат:

«Кыргыз Республикасынын экс-президенти мамлекеттик бийлик органдарында саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө, ошондой эле саясий партиянын жетектөөчү органдарындагы кызмат орундарын ээлөөгө же болбосо саясий партиянын ишине башкача түрдө катышууга тийиш эмес.

Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү сактабаган учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин актысы менен ага ушул Мыйзамда каралган бардык кепилдиктерди берүү, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен материалдык жана башка камсыз кылуу токтотулат».

2-берене. «Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 9-пунктунун жоболору 2007-жылдын 23-октябрынан тартып келип чыккан укуктук мамилелерге колдонулат».

Мыйзамдын көрсөтүлгөн жоболору Конституциянын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2 –бөлүгүнө, 20-беренесинин 1 жана 3-бөлүгүнө, 28-беренесинин 1-бөлүгүнө, 35-беренесине, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 64-беренесинин 11-бөлүгүнө, 70-беренесинин 2-бөлүгүнө төмөнкү негиздер боюнча карама-каршы келет:

Конституциянын 35-беренесинде ар ким биригүү укугуна ээ экени айтылган. Конституциянын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык,  Саясий партиялар, кесиптик бирликтер, дагы башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо, саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлүшү мүмкүн. Саясый партиянын ишине катышууну чектөө Кыргыз Республикасынын экс-президентинин биригүүгө укугун жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин жарандар менен саясый партия түзүүгө укугун бузат.  

Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.

Адам укуктарынын жалпы декларациясына (БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1948-жылдын 10-декабрындагы 217А (III) резолюциясы менен кабыл алынган) ылайык, ар бир адам эркин тынч чогулуштарга жана ассоциацияларга укуктуу (20 – берененин 1-бөлүгү).

Жарандык жана саясый укуктар жөнүндө эл аралык пактыга ылайык (БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1966-жылдын 16-декабрындагы 2200А (XXI) резолюциясы менен кабыл алынган):

  • Ар бир адам, профсоюздарды түзүү жана өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн, ушул сыяктууларды кошкондо, башкалар менен эркин ассоциацияга укуктуу (22-берененин 1-бөлүгү).
  • Бул укуктан пайдалануу мыйзамда каралган жана мамлекеттик же коомдук коопсуздуктун, коомдук тартиптин, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоонун же башкалардын укуктарын жана эркиндигин коргоонун кызыкчылыгында демократиялык коомдо зарыл болгон нерселерден тышкары эч кандай чектөөлөргө жатпайт.  Ушул берене куралдуу күчтөрдүн жана полициянын курамына кирген адамдардын бул укуктан пайдаланышына мыйзамдуу чектөөлөрдү киргизүүгө тоскоолдук жаратпайт (22-берененин 2-бөлүгү).

Биригүү саясый партиянын ишине катышуу эркиндигине тыюу салуу ошондой эле Бирикмелердин эркиндиги боюнча жетектөөчү принциптерге карама каршы келет (Венециандык комиссиянын 2014-жылдын 13-14-декабрындагы 101-пленардык сессиясында кабыл алынган).

Төмөндө бул принциптердин айрымдарын келтиребиз:

2-принцип. Эркин биригүү укугун жүзөгө ашырууга мамлекеттин урматтоо, коргоо жана кол кабыш кылуу милдети

71. Бирикмелердин эркин биригүү укугун урматтоо, коргоо жана жүзөгө ашырууга кол кабыш кылуу мамлекеттин милдети болуп саналат.

72. Мамлекет бирикмелердин жана алардын мүчөлөрүнүн биригүү укугуна жана эркиндигине кийлигишүүгө тийиш эмес. Бул мамлекетке аталган негизги укуктарды жана эркиндиктерди сыйлоо милдети жүктөлгөнүн билдирет. Бирикмелерди жана алардын мүчөлөрүн коргоо укугунун башкы максаты аларды мамлекет тарабынан кийлигишүүдөн коргоо жана мамлекет аталган укуктун бузулушуна, эгерде анда аталган укуктарды улуттук мыйзам чыгарууда жана иш жүзүндө кепилдей албаган учурда, жоопкерчилик тартат.

3-принцип. Бирикмелерди түзүү жана аларга мүчө болуу эркиндиги

76. Ар кандай жеке да, юридикалык тараптар да, – анын ичинде жарандар дана жаран эместер, ошондой эле мындай адамдардын тобу юридикалык тараптын макамына ээ болгон же ээ болбогон бирикмелерди эркин түзүү укугуна ээ.

5-принцип. Тең мамиле жана тең укук берүү

93. Бардык адамдар тең даражада биригүү эркиндигинен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Бирикмелердин эркиндигине тиешелүү ченемдерди кабыл алууда бийлик кандайдыр бир топту же адамды жаш курагы, туулганы боюнча катмарга таандыгы, өңүнүн түсү, жынысы, гендердик таандыгы, саламаттыгы, иммигрант же резидент, тили, улуту, этникалык же социалдык теги, саясый жана башка көз карашы, расасы, дини же ишеними, сексуалдык ориентациясы же башка макамы болобу, кандай бир белгилери боюнча басынтпоого тийиш. 

94. Тең укук берүү принцибине ылайык, түздөн түз да, кыйыр да басынтууга тыюу салынат, жана бардык адамдар мыйзамдын бирдей коргоосунан пайдаланат жана кандайдыр бир чараларды же токтомдорду колдонуунун натыйжасында басынтууга дуушар кылынууга тийиш эмес. Биригүүнү каалаган бардык адамдар жана алардын тобу муну теңчиликтин негизинде жасоого мүмкүнчүлүк алууга тийиш..». 

Ар кимдин биригүүгө болгон укугунун мааниси Конституциялык палатанын 2015-жылдын 11-мартындагы чечиминде да айтылган:

«Биригүү эркиндиги өзүнө: башка адамдарды кантип бириктирүү керек, ошондой эле бар бирикмеге кантип кошулуп жана андан кантип чыгуу керек, бирикменин ишмердүүлүгүнө катышууга  атайын уруксат албай туруп бирикменин мүчөсү болууга мүмкүнчүлүк алуу укугун камтыйт.

Биригүүгө болгон укуктун өзгөчөлүгү өзүнө жарандын биригүүгө болгон эркин толук билдирүүсүн гана камтыбастан, максаттарды жана милдеттерди аныктоодогу өз алдынчалуулукту, алардын чечимдерин иштеп чыгууну жана өз алдынчалуулукка негизделген башка ажырагыс болуп эсептелген белгилерди да камтыйт». 

Эмгекке болгон укук адамдын башка укуктарын ишке ашырууда абдан маанилүү жана адамдык татыктуулугун ажырагыс жана алып салгыс компоненти болуп эсептелет. Татыктуу жашоо образын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген эмгектенүүгө ар бир адамдын мүмкүнчүлүгү болууга тийиш. 

Бирок Мыйзамдын талаштуу ченемдери Кыргыз Республикасынын экс-президентинин мамлекеттик бийлик органдарында саясый, атайын мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугун чектейт. Муну менен аталган чектөө Конституциянын 42-беренесинин 3-бөлүгү кепилдеген эмгекке, өзүнүн иштөөгө жөндөмдүүлүгүн, кесибин жана иштин түрүн эркин тандоого укугун бузат. 

Талаштуу ченемдер жарандын Конституциянын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган мамлекеттик бийлик органдарына шайлануу укугун бузат. Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты болуп, шайлоо күнү курагы 21 жашка толгон, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Бирок талаштуу ченемдер Кыргыз Республикасынын экс-президентин мындай укуктан ажыратат жана ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана албайт, анткени депутаттык кызмат саясый кызмат болуп эсептелет.

Демек, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Конституциянын 52-беренесинин 4-бөлүгү кепилдеген мамлекеттик кызматка турууда тең укуктардан жана тең мүмкүнчүлүктөрдөн ажыраган. Буга байланыштуу талаштуу ченемдер Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган бардык жарандардын сот жана мыйзам алдындагы теңчилигин да бузат. 

Конституциялык палата 2018-жылдын 3-октябрындагы чечиминде  «бардык адамдардын мыйзам жана сот алдында теңчилик принциби ар бир личносттун баалуулугу бирдей экенин, индивиддерге коомдун жана мамлекеттин турмушуна  катышуу үчүн тең укуктуу мүмкүнчүлүктөрдү, аларга бирдей тең көлөмдөгү жана мазмуундагы укуктарды жана милдеттерди, ошондой эле аларды реализациялоо жана коргоо боюнча бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жарыялайт. Мында теңчилик жогоруда аталгандан тышкары, юридикалык жоопкерчиликке бирдей тең экенин да билдирет».  

Адам укуктарынын жалпы декларациясында (БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1948-жылдын 10-декабрындагы 217А (III) резолюциясы менен кабыл алынган) төмөнкүлөр айтылган:

  • Ар бир адам өз өлкөсүн башкарууга түздөн түз же эркин шайланган өкүлдөр аркылуу катышууга укуктуу (21-берененин 1-бөлүгү);
  • Ар бир адам өз өлкөсүндө жалпы тең шарттарда мамлекеттик кызматка барууга укуктуу (21-берененин 2 -бөлүгү);
  • Ар бир адам эмгекке, иштин эркин тандоого, эмгектин адилет жана жагымдуу шарттарына жана жумушсуздуктан коргоого алынууга укуктуу (23-берененин 1-бөлүгү).

Жарандык жана саясый укуктар жөнүндөгү Эл аралык пактыга ылайык (БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1966-жылдын 16-декабрындагы 2200А (XXI) резолюциясы менен кабыл алынган):

  • Ар бир жаран 2-беренеде көрсөтүлгөн кандай болбосун, басмырлоого дуушар болууга жана укуктары менен мүмкүнчүлүктөрү негизсиз чектелбөөгө тийиш;

a) мамлекеттик иштерди жүргүзүүгө түздөн түз же шайланган өкүлдөр аркылуу катышууга укуктуу;

b) мезгил мезгили менен жалпы тең шайлоо укугунун негизинде өткөрүлүүчү жана шайлоочулардын эркин билдирген шайлоолордо добуш берүүгө жана шайланууга укуктуу;

c) өз өлкөсүндө теңчиликтин жалпы шарттарында мамлекеттик кызматка алынууга укуктуу (25-берене).

Эмгекке болгон укук экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндөгү Эл аралык пактынын 6-беренесинде бекитилген (БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1966-жылдын 16-декабрындагы 2200А (XXI) резолюциясы менен кабыл алынган):

«1. Ушул Пактка катышкан мамлекеттер ар бир адамдын өз жашоосуна өзү эркин тандаган же өз эрки менен макул болгон эмгек менен иштеп табуу камтылган укугун тааныйт жана бул укукту камсыздоого карата тийиштүү кадамдарды кабыл алат. 

2. Ушул Пактка катышкан мамлекеттер тарабынан бул укукту толугу менен ишке ашыруу максатында кабыл ала турган чаралары кесиптик-техникалык окутууну жана даярдоону, кыйшаюусуз экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүгө, адамдын негизги саясый жана экономикалык эркиндигин кепилдеген шарттарда толук өндүрүмдүү иш менен камсыз болууга жетишүүнүн жолдорун жана ыкмаларын камтыйт».

Эл аралык укуктун ченемдерин жана талаштуу ченемдерди бирге кароо талаштуу ченемдер Конституциянын 42-беренесинин 3-бөлүгүндө кепилденген эмгекке, өзүнүн ишке жөндөмүн башкарууга, кесип же иштин түрүн тандоого карата эркин укугун бузарын көрсөттү.

Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. Бирок Мыйзамдын талаштуу ченемдери Кыргыз Республикасынын экс-президентин саясый ишеними боюнча басмырлоого алат, анткени ал саясый партиянын жетекчилик органдарында кызмат ээлөөгө же саясый партиялардын ишине башкача жол менен катышууга тийиш эмес.

Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Бирок Мыйзамдын талаштуу ченемдеринде каралган чектөөлөр улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо сактоо, калктын ден соолугун, адеп-ахлагын, башка адамдардын укуктарын эана эркиндигин коргоо максатын эмес, саясый ишеним боюнча куугунтуктоону көздөйт. Конституциянын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.  Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек (Конституциянын 20-беренесинин 1-бөлүгү). 

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруунун ачык маанилүүлүгүн таануу менен, ал ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин ага мамлекет тарабынан айрым кепилдиктер берилет. Анткени ал Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү мамлекеттик сырларын алып жүрүүчү жана мамлекеттик кайтаруунун объектиси болуп эсептелет.

Конституциялык палата 2018-жылдын 3- октябрындагы чечиминде буларды көрсөткөн:

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, кызматынан четтетилгендеринен тышкары, бардык мурдакы Президенттер экс-прездент наамына ээ. Экс-президенттин макамы мыйзам тарабынан аныкталат (69-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү). 

Муну менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы экс-президенттин наамына конституциялык-укуктук макам берет, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруунун ачык маанилүүлүгүн ал ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин да моюнга алат жана учурдагы мамлекет башчысы үчүн каралган айрым укуктук кепилдиктерди сактап калуу зарылдыгын тааныйт».

Бирок талаштуу ченем Кыргыз Республикасынын Президентине мындай ыйгарым укукту берет жана ал өзүнүн акты менен Башкы прокурордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын экс-президентине берилген бардык кепилдиктерди токтото алат.

Конституциянын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда, мыйзамда каралган ыйгарым укуктардын алкагынан чыгып кетпөөгө милдеттүү. Конституциянын 64-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти Конституцияда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. Демек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Конституцияда түздөн түз каралган ыйгарым укуктары өзгөртүлүүгө, кеңейтилүүгө же мыйзам тарабынан чектелүүгө тийиш эмес.   Андыктан, мыйзамда аныкталган Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын экс-президентинин бардык кепилдиктерин токтотуу боюнча кошумча ыйгарым укуктарды берүү Конституцияда аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыгуу менен конституциялык эмес болуп саналат. 

Кыргыз Республикасынын экс-президентинин укуктук кепилдиктери жана ошондой эле аны материалдык, башка камсыздоо анын саясый партиядагы ишине, анын биригүүгө жана эмгекке укугуна байланууга тийиш эмес. Бардык кепилдиктер токтотулган учурда да Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү мамлекеттик сырларын алып жүрүүчү катары кала берерин белгилей кетүү керек.

Талаштуу ченемде Кыргыз Республикасынын экс-президентин позициясынан ажыратуу жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын экс-президентине карата жазалоо чарасы катары санкция берүү элементтери камтылган. Бирок мында Кыргыз Республикасынын Президентинин актысын сотто талашуу мүмкүнчүлүгү мыйзамда каралган эмес. Муну менен Кыргыз Республикасынын экс-президенти анын укуктарын жана эркиндигин Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган соттук коргоо кепилдигинен ажыратылган.

Мындан тышкары, бул талаштуу ченем ушул эле Мыйзамдын 1-беренесинин 10-бөлүгүнө карама каршы келет жана ага ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президентине каралган бардык кепилдиктер Кыргыз Республикасынын экс-президентине карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенден тартып токтотулат. Демек, Кыргыз Республикасынын экс-президентине каралган бардык кепилдиктерди токтотуу Башкы прокурордун сунушу боюнча эмес, соттук актынын негизинде гана болууга тийиш. 

Андыктан Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын экс-президентин анын саясый партиянын ишине катышкандыгынан жана мамлекеттик бийликтин саясый жана атайын кызматтарын ээлегенинен улам бардык кепилдиктерден ажыратуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү конституциялык эмес болуп эсептелет.

Талаштуу ченемдер ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестигине тиешелүү болгон жоболору 2007-жылдын 23-октябрынан келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылат. Демек, мыйзам чыгаруучу мыйзамдын Кыргыз Республикасынын экс-президентин кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жобосу бөлүгүндө күчүн артка кайтарган.

Көрсөтүлгөн жобо Конституциянын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет, ага ылайык, адамдын жоопкерчилигин аныктаган же оордоткон мыйзам артка иштебейт. 

Жалпы эрежелер боюнча ченемдик укуктук акты өз аракетин ага чейин болуп өткөн фактыларга жана юридикалык кесепеттерге жайылтпайт. «Lex ad praetenam non valet» - «мыйзам артка иштебейт» деген бул принципти тээ байыркы римдик укук билген. Бул эреже укук тартибинин туруктуулугунун айрым кепилдиктерин, коомдогу мамилелерди эрк менен жөнгө салуу үчүн тоскоолдуктарды камтыйт.

Айрым учурларда адилет, гумандуу түшүнүктөрдөн улам мыйзамдын күчү артка колдонулушу мүмкүн: жаңы ченемдик укуктук актынын аракети ал юридикалык күчүнө киргенге чейинки фактыларга жана алардан келип чыккан укуктук кесепеттерге жайылтылат. Ченемди эрк менен кайрадан күчүнө киргизүү жол берилгис, мында эреже катары жарандардын абалы начарлабоосу керек.  

Укукка каршы жоруктарды жасагандыгы үчүн юридикалык жоопкерчиликти жеңилдетип же жокко чыгарган ченемдик укуктук актылар да артка иштей турган күчкө ээ. Ошондуктан Конституциянын 28-беренесинин 1-бөлүгүндө «эгерде укук бузуудан кийин ал үчүн жоопкерчилик жокко чыгарылган же жеңилдетилген болсо, анда жаңы мыйзам колдонулары» аныкталган. 

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18- июлдагы Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын экс-президенти ал Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматын аткарып турган мезгилде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн абсолюттук кол тийбестикке ээ болгон. Решением Конституциялык палатанын 2018-жылдын 3-октябрындагы чечими менен көрсөтүлгөн ченем анда Кыргыз Республикасынын экс-президентин ал Кыргыз Республикасынын Президенти кызматын аткарып турган мезгилде жасаган иштери үчүн жоопкерчиликке тартуу каралбаган чекте карама каршы деп табылган.

Конституциянын 97-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, Жогорку сот тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эместигин аныктоо алардын аракетин Кыргыз Республикасынын аймагында жокко чыгарат жана соттук актылардан тышкары, конституциялык эмес деп табылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын да аракетин жокко чыгарат. Демек, Кыргыз Республикасынын экс-президенти 2018-жылдын 3-октрябрына чейин абсолюттук кол тийбестикке ээ болгон жана Конституциялык палата тарабынан көрсөтүлгөн мыйзамдын 12-беренесинин жокко чыгарылгандыгына  байланыштуу  абсолюттук кол тийбестигин жоготкон.

Талаштуу ченем менен мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын экс-президентин жоопкерчиликке тартуунун жол-жобосун аныктаган жана мында бул ченемди кайрадан күчүнө киргизген, б.а. аны 2007-жылдын 23 –октябрынан аракетке киргизген. Андыктан, талаштуу ченем Кыргыз Республикасынын экс-президентин ал 2018-жылдын 3-октябрына чейин ээ болгон абсолюттук кол тийбестиктен ажыраткан. Демек, Кыргыз Республикасынын экс-президентинин жоопкерчилигин аныктаган мыйзам Конституциянын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, артка иштөөгө тийиш эмес.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 7-бөлүгүнүн негизинде өтүнөбүз:

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  2019-жылдын 15-майындагы №61 Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнүн «б» пунктчасын  жана 2- беренесин конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 3-бөлүгүнө,16-беренесинин 2 –бөлүгүнө, 20-беренесинин 1 жана 3-бөлүгүнө, 28-беренесинин 1-бөлүгүнө, 35-беренесине, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 64-беренесинин 11-бөлүгүнө, 70-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы деп табылсын».