08.10.2019 13:05

КСДП мүчөсү Алга Кылычев экс-президентке каршы көрсөтмө берип жатабы?

КСДП мүчөсү Алга Кылычев экс-президентке каршы көрсөтмө берип жатабы?

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы жана КСДП мүчөсү Алга Кылычев экс-президентке каршы көрсөтмө берип жатат. Бул туурасында жактоочу Замир Жоошев журналисттерге билдирди. 

Адвокаттын айтымында, Алга Кылычев тергөө менен кызматташуу тууралуу келишим түзгөн болушу керек.

«Ал Алмазбек Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти басып алууга аракет кылган деген таризде сүйлөп жатыптыр. Ал КСДП мүчөсү Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев,   Мээрбек Мискенбаев жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө бериптир. Алга Кылычевдин сөзү боюнча, бул адамдар массалык башаламандык уюштуруп, жоокерлерди туткунга алышкан»,  -  дейт  Жоошев.