13.05.2019 11:05

КСДП мүчөсү Эрмек Окенов милицияга арыз жазды

КСДП мүчөсү Эрмек Окенов  милицияга арыз жазды

КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү Эрмек Окенов милицияга арыз жазды. Бул туурасында партиянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Окенов үйүнө милиция формасын кийген  куралчан адамдардын кирип келишине арызданган. Бишкектин Ленин райондук ИИББи арызды каттады.  

Эскерте кетсек, 12-май күнү эртең менен КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Эрмек Океновдун үйүнө милиция формасын кийген автоматчан адамдар кирип келишкен. Бул учурда үйдө аялы менен кичинекей кызы гана болгон. Милиционерлер жубайына Окенов зордуктоого шектелип жатканын маалымдашкан. 

Кийинчерээек Эрмек Окенов мунун баарын КСДПдагы ишмердүүлүгү менен байланыштырып, бийлик партиянын мүчөлөрүнө карата чагымчыл аракеттерди көрүү менен Алмазбек Атамбевди алсыраткысы келип жатканын билдирген.