11.11.2019 09:50

КСДП мүчөсү Президент Аппараты менен Башкы прокуратураны сотко берерин билдирди

КСДП мүчөсү Президент Аппараты менен Башкы прокуратураны сотко берерин билдирди

Башкы прокуратура Асылбек Жээнбековго кылмыш ишин козгоо боюнча арызга жооп кайтара элек. Бул туурасында арыз ээси, КСДП мүчөсү Темирлан Султанбеков Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, ЖК мурунку төрагасы Асылбек Жээнбековго кылмыш ишин козгоону өтүнүп, Башкы прокуратурага арыз жазгандан бери туура 20 күн өттү. Ал эми Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөткөнүнө 18 күн болду.

«Президенттик аппараттан 3 күндүн ичинде кат жүзүндө жооп ала турганымды билдиришкен. Ушул күнгө чейин эч жооп келе элек. Мен эртең юристтер менен кеңешем, эгер Башкы прокуратура менен Президенттин аппараты жарандардын кайрылууларын кароо жараянын бузуп жатышканы тууралуу божомолум туура болуп чыкса, анда өлкө мыйзамдарын бузуп жатканы үчүн Башкы прокуратура менен Президент Аппаратын сотко берем», -дейт Темирлан Султанбеков.