05.03.2019 12:39

КСДП партиядан чыгарылган Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө жооп берет

КСДП партиядан чыгарылган Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө жооп берет

КСДП партиясы бүгүн саат 14.00дө  «Медиа Форум» имаратында брифинг өткөрөт. Бул туурасында КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

«Бүгүн, 5-мартта КСДП партиясынын кеӊсесинде брифинг болот. Анда  партиядан чыгарылган Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө жооп берилет. Өмүркуловдун съездди жана саясий кеӊешти чакырганга укугу жок», -деп айтылат маалыматта.  

Эскерте кетсек, буга чейин Иса Өмүркулов жергиликтүү агенттиктердин бирине 3-апрелде КСДПнын кезектеги съезди болоорун, ага Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов дагы чакырыларын билдирген.