26.03.2019 14:32

КСДП: Партиянын 6-апрелге белгиленген съездин болтурбай коюуга аракеттер көрүлүүдө

КСДП: Партиянын 6-апрелге белгиленген съездин болтурбай коюуга аракеттер көрүлүүдө

Социал-демократтар партиясынын 6-апрелге белгиленген съездин болтурбай коюуга аракеттер көрүлүүдө. Бул туурасында КСДП басма сөз кызматынан билдиришти.

«Партияны бөлүп-жарууну көздөп жаткандар 6-апрелге белгиленген кезектеги съездди болтурбай коюунун аракетин көрүп, андан 3 күн эрте өздөрүнүн «съездин» чакырганы жатышыптыр. Бирок, мыйзамдуу съезддин делегаттары жергиликтүү партиялык уюмдардан шайланып келери мээлерине кеч жеткен окшойт. Андыктан, эми партиянын борбордук аппаратындагылар тааныбаган кайсы-бир Көлбаев дегендин атынан шашылыш түрдө жергиликтүү партиялык уюмдарга тез арада андай конференция өткөрө калуу катын жолдоп жатышыптыр. Муну менен партия мүчөлөрүнүн башын айлантып жатышат», -деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, КСДПнын мыйзамдуу съезди 6-апрель күнү өтөт. Уюштуруучу комитеттин төрагасы - Алмазбек Атамбаев. 

«Партиядагы жолдошторду провокацияга алдырбоого жана КСДПнын өткөн съездинде мыйзамдуу шайланган Саясий кеңештин чечимин аткарууга үндөйбүз», -дешет партиядан.