27.09.2019 10:30

КСДП партиясынын компьютерлери Коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилди

КСДП партиясынын компьютерлери Коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилди

Аскер прокуратурасы КСДПнын 12-сентябрда партиянын ижарага алынган кеңсесинде тинтүү жүргүзгөнү боюнча кайрылуусуна жооп берди. Бул туурасында КСДПдан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, имараттагы, анын ичинде КСДП ижарага алган иш бөлмөлөрдөгү тинтүү Бишкек шаардык Биринчи Май райсотунун токтомунун негизинде, иштин жагдайларын тактоодо мааниге ээ боло турган предметтерди жана документтерди табуу максатында жүргүзүлгөн.

Бирок Аскер прокуратурасы КСДП саясий партиясынын документтеринин прокуратура жана ИИМдин Тергөө башкармалыгы иликтеп жаткан кылмыш ишке эмне тиешеси бар экенин түшүндүргөн жок.

Андан сырткары, катта тинтүү учурунда кеңседен процессорлор алынып, тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилгени, текшерүү бүткөндөн кийин ээлерине кайра кайтарып берүү маселеси каралары айтылган. Муну менен бирге Аскер прокуратурасы кайра эле иликтенип жаткан кылмыш ишке тиешеси жок КСДП саясий партиясынын техникалары эмне себептен текшерилип жатканын түшүндүргөн жок.

«Аскер прокуратурасы «жогоруда айтылган чаралардын КСДПнын ишмердүүлүгү менен эч кандай байланышы жок жана партиянын КР «Саясий партиялар жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесинде каралган укуктарын бузбайт» деп билдирген менен, КСДП муну өзүнүн конституциялык укугун бузуу катары тааныйт. Ташылып кеткен документтери жана техникасы жок КСДП өзүнүн уставдагы милдеттерин аткара албайт жана укуктарын иш жүзүндө колдоно албай жатат», - деп айтылат маалыматта.