14.05.2019 12:25

КСДП: Райымбек Матраимовду ага-ини Жээнбековдор калкалап келгенин баары түшүнүп турат

КСДП: Райымбек Матраимовду ага-ини Жээнбековдор калкалап келгенин баары түшүнүп турат

КСДП Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге видео-кайрылуусу боюнча жооп кайтарды.

Партия төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын айтымында, «бул роликтен кийин жадагалса оңой менен ишене бербеген адамдардын да Жээнбеков-Матраимовдордун байланышы бар экенине  шеги калган жок».

«Биз Райымбек Матраимовдун кечээки жоругун  Ак үйдөгү оппоненттердин кезектеги чагымчыл чабуулу, Жээнбековдордун үй-бүлөсү менен көп жылдык байланышы бар экенинен коомчулуктун көңүлүн буруп кетүү аракети  катары баалайбыз. Текстти ал өзү жазбаганы айкын көрүнүп турат, ошондой эле өз демилгеси боюнча эмес. Бул тасманын режиссерлору мурунку бажычыга болгон элдин жаман көрүүсүн күчөтүп гана тим болбостон, азыркы президентке ого бетер бекем чырмап салды. 

Бир видео-кайрылууда өтө көп жалган сөз камтылыптыр. Анын ичинде, Алмазбек Атамбаев менен болгон «мамилеси» тууралуу дагы. Андыктан, бул сандырак сөзгө комментарий берип отурбайбыз. Атамбаевдин убагында  ал өзүнүн көлөкөсүнөн коркуп турчу.  Чынында, жок эле дегенде 2011-жылдан бери ага-ини Жээнбековдор аны калкалап келишкенин баары эле түшүнүп турат.  Алар бул максатта экс-президенттин айланасындагы айрым адамдарды да колдонуп кетишкен. 

Райым Матраимовго эч ким ишенбейт. Андан көрө коомчулукка өзүнүн кирешелеринин булагын айтып берсин. Кечээ өзү деле бай адам экенин мойнуна алды го. Комментарий алыш үчүн текшерүүчү органдарга кайрылыш керек. Коомчулук өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келген Матраимовдун мүлкүнүн кайдан келгенин текшерүүнүн жыйынтыгын күтүп жатышат»,-деп билдирди Кундуз Жолдубаева.  

Эскерте кетсек, кечээ Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов интернет аркылуу экс-президентке кайрылуу жасап, «мага карата ыксыз каралоону токтотпосоңуз, мындан ары жөн отурбайм. Сиз менен күрөшүүгө менде да жетиштүү маалыматтар жана күч-кубат бар»,-деп билдирген.