09.08.2019 18:35

КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина сурактан чыкты

КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина сурактан чыкты

КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина сурактан чыкты. Бул тууралуу April.kg кабарчысы билдирди.

Сурак жалпысынан 6 саатка созулду жана Ирина Карамушкинанын айтымында, «тергөөчүлөр сылык сүйлөп, басым жасашкан жок». Депутат сурак учурунда маалыматты таратпоо жөнүндө кагазга кол койдуруп алышкандыктан, эмне жөнүндө сөз болгонун ачык айта албасын билдирди.

Болгону тергөө учурунда өзүн таң калтырган бир жагдай менен бөлүштү. Ал - тергөөчүлөр жана атайын кызматтын өкүлдөрүнүн депутаттын социалдык баракчасын кызыгуу менен окушкандары. Анткени, сурак маалында баракчасында жазып калтырган билдирүүлөрү тууралуу да суроолор берилген.