05.03.2019 16:22

КСДП Саясий кеңешинин Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылганы тууралуу чечими жарыяланды

КСДП Саясий кеңешинин Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылганы тууралуу чечими жарыяланды

Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын Саясий кеңешинин 2018-жылдын 31-октябрдагы чечими менен Өмүркулов Иса Шейшенкулович КСДП мүчөлүгүнөн чыгарылган. Бул туурасында аталган партиянын басма сөз кызматы дагы бир ирет эскертти.

Аны партиядан чыгарууга «КСДПнын уставына, максаттарына жана милдеттерине каршы келген иш-аракеттери себеп болгон». 

Буга карабай, кечээ Иса Өмүркулов КСДПнын кезектеги съезди качан өтөөрү тууралуу жар салган. Анда депутат бул иш-чараны өзү жана Саясий кеңештин 35 мүчөсү өткөргөнү жатканын билдирген. 

Мындан улам, бүгүн КСДП Саясий кеңешинин мүчөлөрүнүн жыйыны болуп, анда алар Иса Өмүркуловго КСДП катарынан чыгарылганын эскертишти.

«Иса Өмүркуловдун съездди да, Саясый кеңештин жыйынын чакырганга да укугу жок», -деп билдиришти жыйын катышуучулары. Ал гана эмес, Иса Өмүркулов партиянын жыйындарына да чакыртуусуз келе албасы айтылды. 

Буга далил катары партия отурумунун протоколунун көчүрмөсү, ошондой эле КСДП Саясий кеңешинин чечими жарыяланды.