09.08.2019 17:14

КСДП Саясий кеңешинин жана Элдик штабдын биргелешкен билдирүүсү

КСДП Саясий кеңешинин жана Элдик штабдын биргелешкен билдирүүсү

КСДП Саясий кеңеши жана «Элдик штаб» биргелешип билдирүү жасашты. Анын текстин толугу менен беребиз: 

«Биз Кыргызстан бийлигинен КСДП партиясынын мүчөлөрүн жана «Элдик штабдын» өкүлдөрүн саясий куугунтукка алууну токтотууну, ар тараптан жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүүнү жана атайын багыттагы отряддын кызматкеринин өлүмүнүн чыныгы күнөөкөрлөрүн аныктоону талап кылабыз.

Укук коргоо органдарынан кечээ калаада жана жакынкы айылдарда болгон толкундоолордо чагым кылгандарды аныктап, жоопкерчиликке тартууну суранабыз.

Биз кармалган КР экс-президенти Алмазбек Атамбаевге карата бардык процессуалдык жол-жоболор толугу менен КР мыйзамына  ылайык аткарылышын талап кылабыз, ага жана башка кармалган тарапташтарына карата күнөөсүздүк презумпциясынын принциптери ийне-жибине чейин сакталышын талап кылабыз.  

Биз мурункудай эле Алмазбек Атамбаев кол тийбестикке ээ, демек, анын кармалышы жана кийин камакка алынышы мыйзамсыз түрдө жүргүзүлдү деп эсептейбиз. Ошондой эле, биз бийликти сөз эркиндигине кысым көрсөтүүнү токтотуп, «Апрель» телеканалынын эфирин толугу менен калыбына келтирүүгө чакырабыз.  

КСДП партиясынын жана «Элдик штабдын» мыйзамсыздыкка каршы саясий жана коомдук ишмердүүлүгү толугу менен уланып жатканын билдиребиз».