06.11.2019 11:38

КСДП: Саясий оппозициянын кыйрашы менен ЖМКлар гана өлкөнү авторитаризмге өтүүдөн кармап турат

КСДП: Саясий оппозициянын кыйрашы менен ЖМКлар  гана өлкөнү авторитаризмге өтүүдөн кармап турат

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы ЖМК өкүлдөрүн келе жаткан кесиптик майрамы  – Кыргызстандын маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. 

Куттуктоо текстин беребиз: 

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери! Сиздердин жумушуңуздар  өзгөчө азыркы учурда, коом үчүн абдан маанилүү, анткени дал сиздер коомдук пикирдин калыптанышына жардам бересиздер. Өлкөдөгү сөз эркиндигинин жана демократиялык принциптердин сакталышы сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдөн жана принципиалдуулугуңуздардан көз каранды. 

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда ЖМК өзгөчө ролду ойнойт. Тилекке каршы, саясий оппозиция талкалангандан кийин  өлкөнү авторитаризмге өтүп кетүүдөн кармап турган жападан-жалгыз институт ЖМК болуп калды. Саясий партиялар, Акыйкатчы, парламент - бул институттардын баары иштемиш түр көрсөткөнү менен иштебей эле. Ушундай шарттарга карабастан, ЖМК адам укугу үчүн күрөшүү, бийликтин талаштуу чечимдерине карата каршы туруу жөндөмүн жоготпой келет.  Жалпыга маалымдоо каражаттарынын аркасы менен Кыргызстанда кандай болсо да демократия сакталууда. 

Ошол себептен ЖМК кызматкерлерине чынчылдыкты, кайраттуулукту жана кыйын кезеңде кесиптик биримдикти каалайбыз. Кыргызстан - эгемен болот, жана көз карандысыз ЖМКлар - бул эгемендиктин негиздеринин бири!»