07.04.2019 16:31

КСДП Сооронбай Жээнбековго кетирген каталарын оңдоого эки ай мөөнөт берди

КСДП Сооронбай Жээнбековго кетирген каталарын оңдоого эки ай мөөнөт берди

«Апрель революциясынын жетишкендиктери коркунуч астында деп эсептейбиз». Мындай оюн бүгүн 7-апрелде Апрель революциясында курман болгондорду эскерүү митингине келгендер билдиришти. 

Учурдагы бийлик Акаев менен Бакиевдин жолун улап баратат деген бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары бийликке 4 талап коюу менен резолюция кабыл алышты.

Резолюциянын текстинде төмөнкүчө айтылат:  

1. Биз Апрель революциясынын жетишкендиктери коркунуч астында деп эсептейбиз. Кыргызстанда үй-бүлөлүк – кландык башкарууга жол берилбестиги туурасындагы эч нерсе  менен бекемделбеген убадаларды жамынуу менен маңызында Кыргызстандын биринчи эки президентинен калган жексур мурастарды жаңылоо жүрүп жатат. Бакиевдик режимдин атмосферасы кайтып келүүдө. Болгон айырмасы, Бакиевдин тушунда саясый элитаны  Үсөн Кудайбергеновду, Баяман Эркинбаевди, Руслан Шабатоевду, Ратбек Санатбаевди, Медет Садыркуловду, Сергей Слепченкону, Геннадий Павлюкту өлтүрүп, Сыргак Абдылдаев жырткычтык менен жазага тартылса, учурдагы бийлик камакка алуулар менен саясый куугунтуктоолордун жардамы менен коркутуунун жана саткынчылыктын атмосферасын жаратууда.

Биз Апрель элдик революциясынын идеяларын сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө урматтоону талап кылабыз!

2. С.Ш. Жээнбеков президент болгондон бери өткөн бир жарым жыл ичинде анын коррупция менен күрөшүү жөнүндөгү билдирүүлөрүнүн чын дилинен чыкпаганына ишенген адамдардын саны барган сайын өсүүдө. Бул бетпак көрүнүштү түп тамырынан бери соолтуу боюнча ырааттуу иш жүргүзүүнүн ордуна саясый оппоненттерди жана атаандаштарды эптеп жок кылуу аракети жүрүп жатат.  Коррупционер экени эч кимге шек жаратпаган адамдар болсо бийликтин коргоосуна гана алынбай, расмий иш-чараларга ардактуу конок катары катышууда.  Мындай жагдайда бийлик ЖЭБди эл аралык аудиттен өткөрүүдөн коркот, адистерге сөз бербейт жана эл ЖЭБ боюнча, ойдон чыгарылган башка кылмыш иштери боюнча чындыкты билбей калышы үчүн колдон келгенин жасоодо. 

Биз эл аралык аудит жүргүзүлүүсүн жана ачык сотту талап кылабыз!

3. Бийликтин олдоксон иш-аракети, анын ичинде айрым саясый жана коомдук бирикмелерге административдик мыйзамсыз кысым жасоо коомду бузуп жарууда, натыйжада Кыргызстандын элинин биримдигине коркунуч жаралып жатканы барган сайын ачык көрүнүүдө. Президент бүгүн өзүнүн эл менен мамлекеттин биримдигин көрсөткөн негизги конституциялык милдетин аткарбай жатат, муну сөз менен гана эмес, иш жүзүндө да тастыкташы керек. Тилекке каршы, бийлик, жадагалса, жарандар менен өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан тенденциялар анын өзүнүн иш-аракеттеринен улам келип чыгып жатканын түшүнбөй жатат. 

Биз Конституциянын талаптарын аткарууну талап кылабыз!

4. Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча кыйын, жаратман иштин ордуна мамлекеттик органдарда саткынчылык менен интригалар жайылтылууда. Ошондой эле күч бийликтеринин ойлонулбаган иш-аракеттери мамлекеттик органдардын ишин шал абалга кептөөдө. 

Биз бийликтен жаратмандык ишти талап кылабыз!

Ошондой эле резолюцияда митингдин катышуучулары 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун жеңиши үчүн үгүттөгөндөрдүн сап башында болушкан жана аны менен тирешүүгө эч бир кызыкдар эмес экени айтылат. Бирок, Сооронбай Жээнбековдун конструктивдүү диалогдон бир нече жолу баш тартканы мындайга кайтууга биротоло чекит коюшу мүмкүн.   

«Биз президент С. Ш. Жээнбеков кетирилген каталарды моюнга алып, аларды тезинен оңдоого эрки жетет деп үмүттөнөбүз. Мындай кыла албаса, анда ал Кыргызстандын тарыхында өлкөнү артка, үй-бүлөлүк –кландык режимдердин караңгы түпкүрүнө тарткан президент катары калышы ыктымал. Эки айдан кийин биз кайрадан митингге чогулабыз жана реалдуу натыйжалар болбогон учурда, мындан да масштабдуу иш-чараларды уюштурабыз».