20.04.2019 15:29

КСДП Текебаев менен Жапаровдун ишин мыйзам чегинде кайра карап чыгууну колдойт

КСДП Текебаев менен Жапаровдун ишин мыйзам чегинде кайра карап чыгууну колдойт

КСДП Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган жок, алардын ишин кайра карап чыгууга карата өз оюн гана билдирди. Бул туурасында Социал-демократтар партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.

Анын айтымында жеке күчтөр атайылап теманы башка багытка буруп, сөздүн маанисин бурмалап жатышат. 

«КСДП Саясий кеңешинин чуулгандуу кылмыш иштерин кайра карап чыгуу чечими боюнча тактоо киргизип кетким келет.  Кеңеш аларды кайра карап чыгуу демилгелерине карата өзүнүн оюн гана билдирди. Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана башкаларга ачылган кылмыш иштери боюнча жаңы жагдайлар пайда болгон учурда укук коргоо жана сот органдары аларды мыйзамга ылайык кайра карап чыга алат.  Жагдай боюнча өз оюн билдирүү  менен камактагыларды бошотууну талап кылуу –таптакыр эки башка нерселер. Айрымдар айтып  жаткандай Алмазбек Атамбаев «отургузуу» буйругун берген эмес.

Бул туурасында ал өзү дагы бир нече жолу айткан.  Андан сырткары, укук коргоо органдарынын жетекчилерин мыйзам боюнча иштөөгө чакырып келген. Мындай сөз болгонун алар өздөрү деле тастыктап бере алышат  деп ойлойм.  «Азаттык» радиосуна берген маегинде Аида Салянова да бул жөнүндө айткан. «Апрель» телеканалынын журналисттерине берген маегинде Индира Жолдубаева дагы муну тастыктаган.  Бирок, экс-президент бир гана нерседен шек санабайт – Маевскийдин Текебаевге бир миллион пара бергени чындык», -дейт Жолдубаева.