27.05.2019 18:13

КСДП тыңшоочу жабдууларды орнотуу аракети боюнча Башкы прокуратурага арыз жазды

КСДП тыңшоочу жабдууларды орнотуу аракети боюнча Башкы прокуратурага арыз жазды

Башкы прокуратура КСДПнын экс-президент Алмазбек Атамбаев менен партия мүчөсү Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу жабдуу коюу боюнча арызын кабыл алды. Бул туурасында April.kg порталына партия төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Аскер прокуратурасы ЖМКларда жарыяланган билдирүүлөр боюнча бул фактыны Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаганы белгилүү болду. 

Эскерте кетсек, 24-май күнү КСДП мүчөлөрү экс-президент Алмазбек Атамбаев менен партия мүчөсү Фарид Ниязовдун кабинеттерине тыңшоочу жабдуу коюу  аракеттери болгонун жарыялашкан. Партия мүчөсү Адил Турдукуловдун айтымында, жабдуу ток узарткычтын ичине катылып, «Форумга» киргизилген. «УКМК кызматкерлери Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун кабинеттеринде эмне болуп жатканын билүүгө аракет кылышты», - деп белгилеген Турдукулов.