03.04.2019 17:41

КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаев партиянын Чүй облусундагы жыйынына катышты

КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаев партиянын Чүй облусундагы жыйынына катышты

КСДП төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын Чүй облусундагы жыйынына катышты. Бул туурасында партиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга Чүй облусунун тогуз районунан келген 115 социал-демократтар катышты. Иш-чаранын катышуучуларынын алдында партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев чыгып сөз сүйлөдү.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө 6-апрелде өтө турган Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын 6-апрелде өтө турган съездине Чүй облусунан 27 делегат шайланды.  Белгилей кетсек, буга чейин мындай конференциялар республиканын башка облустарында өткөн.