12.03.2019 13:32

КСДП Улуттук коопсуздук кызматын партиянын ишине кийлигишпөөгө чакырды

КСДП Улуттук коопсуздук кызматын партиянын ишине кийлигишпөөгө чакырды

УКМК кызматкерлери КСДПнын партиялык конференциясына катыша турган адамдар тууралуу маалымат чогултууда, муну менен партиянын ишине кысым көрсөтүүдө. Бул туурасында аталган партиянын Катчылыгы тараткан билдирүүдө айтылат.  

Маалыматка караганда, КСДП Катчылыгына УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн начальниги К. Табалдиев Жети –Өгүз районунун КПКБ (паспорттук стол) башчысы Ж.А. Бейшеевадан кат түрүндө «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесине шилтеме жасоо менен 18 адам боюнча Ф-1 көчүрмөлөрүн берүүнү суранганы маалым болгон. 

«Жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын тизмеси КСДПнын Ысык-Көл областтык партиялык конференциясына Жети-Өгүз районунан катыша турган делегаттардын тизмесине толугу менен дал келет. Материалга «Жашыруун» же «Кызматтык пайдалануу үчүн» деген белги коюлган эмес, ошондуктан тиешелүү маалымат Жети-Өгүз районуна жетишерлик түрдө кеңири тарап кеткен.  Бизде жогоруда аталган каттын түп нускасы чын экенине ишенүүгө бардык негиздер бар, анткени бизге келип жаткан билдирүүлөр боюнча делегаттар тууралуу сурап алуулар укук коргоо органдарынан Ысык-Көл областынын башка райондоруна да жөнөтүлгөн. Буга чейин КСДПнын Төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина да Бишкек шаарында өткөрүлгөн партиялык конференцияларын өткөрүүгө бийлик органдарынын кийлигишип жатканын ачык айтып чыккан эле», -деп айтылат маалыматта. 

Мындан улам партиялык активисттер УКМКнын бул аракетин КСДПнын аймактык партиялык конференцияларын жана  партиянын 6-апрелге белгиленген 18-съездин өткөрүүнү үзгүлтүккө учуратуу үчүн аларга көрсөтүлүп жаткан түздөн түз кысым катары кабыл алышат.  

«Биз бул боюнча так түшүндүрмө берүү үчүн Кыргыз Республикасынын УКМКнын жетекчилигине расмий түрдө кайрылабыз. Тактап айтканда, өлкөдөгү эң эски саясый партиянын делегаттарынын тизмесинин Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна кандай тиешеси бар? Улуттук коопсуздук органдарына, эгерде аларга кысым көрсөтүү үчүн болбосо, анда делегаттардын жеке маалыматтарынын эмне кереги бар? Ошондой эле өзүңүздөрдүн кызматкерлериңиздердин арасында саясый партиялардын жана алардын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн ишине кийлигишүүгө жол берилбестиги туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранабыз», -деп айтылат КСДПнын Катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Усубалиевдин атынан жазылган билдирүүдө.