28.05.2019 18:37

КСДП Юстиция министрлигине жетекчилик алмашканы тууралуу расмий кабар берди

КСДП  Юстиция министрлигине жетекчилик алмашканы тууралуу расмий кабар берди

Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү партиянын жетекчилиги алмашканы тууралуу Юстиция министрлигин расмий кабардар кылышты. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы Аман Бакиров билдирди.

Тиешелүү документтерди бүгүн, 28-майда министр Марат Жаманкуловдун өз колуна тапшырышты. Эми мекеме юридикалык жактардын электрондук маалымат базасына партиянын жетекчиси катары Асель Кодуранованы катташы керек. Министр буга мыйзам боюнча 7 жумушчу күн кетерин билдирди.

Эскерте кетсек, партиянын лидери Алмазбек Атамбаев 25-май күнү күчүнө кирген «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери» жөнүндөгү мыйзамга байланыштуу партия төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн убактылуу кеткен. Анын ордуна Саясий кеңеш Жогорку Кеңештин депутаты, партиянын мүчөсү Асел Кодуранованы бекиткен.

Юстиция министрлиги юридикалык жактардын электрондук маалымат базасындагы «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине буга чейин бир ирет өзгөртүү киргизген. Тактап айтканда, Алмазбек Атамбаевдин аты  жазылган жерге «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеп жүргөн Сагынбек Абдрахмановду жазган.  Министрлик бул кадамын мыйзамдуу деп атап, ал үчүн 7 күн сураган эмес.