18.04.2019 15:12

КСДП Юстиция министрлигинин жетекчилерин жоопко тартууну талап кылды

КСДП Юстиция министрлигинин жетекчилерин жоопко тартууну талап кылды

КСДП башкы прокурорго Юстиция министрлигинин жетекчилерин жоопко тартууну талап кылып кайрылуу жолдошту. Партиянын басма сөз кызматы тараткан кайрылуунун текстин толугу менен беребиз:

«Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы Башкы прокуратурадан КСДПнын жана анын мүчөлөрүнүн бузулган укуктарын тез арада калыбына келтирүүнү, ошондой эле жасалган кылмышты түздөн-түз жана объективдүү иликтөөнү талап кылат.

Биз юстиция министри Марат Жаманкуловго 3 жолу расмий эскертүү бергенбиз, КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү Н.Касымбеков министрдин орун басары Эсеналиев менен жеке жолугуп , «КСДП Атамбаевсиз» кыймылы тараптан даярдалып жаткан мыйзам бузуулар жана документ жасалмалоолор туурасында толук маалымат берген. Буга карабастан, Адилет министрлиги  КСДПга эч кандай тиешеси жок кыймылдын айтканы менен эле бирдиктүү мамлекеттик реестрге мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү киргизип жатат. Балким, алар менен сүйлөшүүлөргө барып алышса керек.

Юстиция министри Жаманкулов менен дал ушул багытты көзөмөлдөгөн орун басары М.Эсеналиева өз учурунда жана расмий түрдө алдыда даярдалып жаткан мыйзам бузуулар тууралуу маалымдалган. Ушуну эске алып, Адилет министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлеринин иш-аракеттеринде, биздин оюбузча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренелерине (кызматтык будамайлоо) туура келген кылмыш белгилери байкалууда. Алар өз иш-аракеттери менен биздин партиянын мүчөлөрүнүн укуктарына, КСДП партиясынын нормалдуу иштешине олуттуу зыян алып келишти.

Юстиция министрлиги өлкөнүн экс-президенти башында турган ири саясий партиянын расмий кайрылуусун тоготкон жок жана акыркы алты айда КСДПнын тегерегинде түзүлгөн кырдаалды коштогон коомдук  резонансты ачык эле четке какты.

Жогорудагы нерсе министрде жана анын орун басарында жазасыздык сезими бар экенин көрсөтүп турат. Алардын иш-аракеттери президент Жээнбековдун «Мамлекеттик органдар тигил же бул топтун кысымынын негизинде эмес, мыйзамдын чегинде иштейт» деген акыркы убадасына карама-каршы келет.

Министрликтин жетекчилери кимге таянып, Президенттин убадаларын тоготпой  жатышат деген суроо жаралбай койбойт. Коомдук пикирди да тоготпой коюуда, өлкөнүн ири партиясынын расмий билдирүүлөрүн тоготпой коюуда, КР көп сандаган жарандарынын – КСДП мүчөлөрүнүн  укуктарын бузууда, экс-президенттин расмий кайрылууларын тоготпоодо кимге таянып жатышат? Мындан улам, Юстиция министрлигинин жетекчилери менен кызматкерлерин гана эмес, Президенттин жана өкмөттүн аппаратындагы ушул министрликти көзөмөлдөгөн  кызматтык адамдарды да суракка алууну өтүнөбүз.

Кыргызстандын Социал-демократтар партиясы министрлик тарабынан бирдиктүү реестерге киргизилген өзгөртүүлөрдү - партиянын жетекчилигинин  жана юридикалык дарегинин алмаштыруусун  мыйзамсыз деп эсептейт. Бул мыйзам бузууну Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы тууралуу бизге расмий түрдө билдирүүнү талап кылабыз».