15.05.2019 11:30

КСДП: Жергиликтүү кеңешке депутат болгондорго Сагынбек Абдрахмановдун эч тиешеси жок

КСДП: Жергиликтүү кеңешке депутат болгондорго Сагынбек Абдрахмановдун эч тиешеси жок

«Сагынбек Абдрахманов коомчулукту дагы бир жолу алдап жатат. Анткени,  Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылууга анда партиянын мөөрү жок», -деп билдирди April.kg порталына КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү, юрист Нурбек Касымбеков.

Анын айтымында, мыйзам боюнча бошогон депутаттык орунга кезекте турган талапкер келет. 

«Сагынбек Абдрахманов дагы бир жолу коомчулукту адаштырып жатат. Ош жана Жалал-Абадда жергиликтүү кеңешке депутат болгон кишилерге анын эч тиешеси жок. Анткени, биринчиден анда партиянын мыйзамдуу төрагасы экенин тастыктаган мөөр жок. Мөөр жок болсо, Шайлоо комиссиялары анын кайрылуусун кантип алмак эле? Экинчиден,  мыйзам боюнча Шайлоо комиссиялары кезектеги гана талапкерлерге депутаттык мандатты берет. Жакында депутат болгон КСДП фракциясындагылар экөө тең кезектеги талапкерлер болчу. Ошолор бошогон орунга келишти».

Эскерте кетсек, бүгүн айрым ЖМКлар жана социалдык тармак колдонуучулары Сагынбек Абдрахманов кол койгон документтин негизинде эки киши КСДПнын атынан жергиликтүү кеңешке депутат болгонун жазып чыгышкан.