12.04.2019 15:26

КСДП: Ө.Бабановго каршы чагымды бийлик гана уюштурушу мүмкүн

КСДП: Ө.Бабановго каршы чагымды бийлик гана уюштурушу мүмкүн

КСДПнын басма сөз кызматы «Форумга» карата кара пиар жүргүзүү максатында атайын топтор аркылуу социалдык тармактарда таратылып жаткан чагымчыл мүнөздөгү ушактар тууралуу расмий билдирет.  

Бул жолу Фейсбукта «Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын митинги учурунда Алмазбека Атамбаев башаламандык уюштуруу», ошондой эле, «эки-үч адамды атып коюу пландары» тууралуу жалган маалыматтар тароодо.

«Биз муну төгүндөө менен бирге, бул ушакты тараткандар Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишинен корккондор тарабынан атайылап таратылып жатканын билдирез. Белгилүү болгондой, шайлоодо аны 600 миң шайлоочу колдогон.

Өмүрбек Бабановдун менчигиндеги объектилерге тиешеси бар иштердин артынан түшүү канчалык бат уюштурула калганын жана жергиликтүү бийликтин анын тарапташтарынын митинг өткөрүүсүнө кескин каршы чыгуусун эске алганда,  коомчулукта мунун баары Ак үйдөгүлөрдүн тапшырмасы менен болуп жатканына ишеним жогорулады. Буга жараша чагымчыл мүнөздөгү ушактарды таратуу башка бирөөгө эмес, дал ошол Ак үйгө пайдалуу болууда. 

КСДП жана анын жетекчилеринин Кыргызстандын саясий жашоосунун көп маселелери боюнча көз караштары Өмүрбек Бабановдуку менен дал келбеши мүмкүн, бирок КСДП башка партиялардын жана адамдардын өз көз карашын алып жүрүү укугун сыйлайт. Эгерде эртеңки митингдин катышуучуларын мыйзамыз иш-аракеттерге түртүүгө ким кызыкдар болсо, ал - бийлик өзү», -деп айтылат билдирүүдө.