09.08.2019 16:18

КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак берип чыкты

КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак берип чыкты

КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак берип чыкты. Бул тууралуу April.kg кабарчысы билдирди. 

Жолдубаеванын айтымында, тергөөдөгү сөздөрдү таратпоого милдеттеме алды. «Кечээки иш боюнча тактоочу суроолор болду, жаңы да суроолор болду. Тергөөнүн кызыкчылыгында купуялуулукту сактоо боюнча кагаз жаздырып алышты», -деди Жолдубаева. 

Буга чейин экс-президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы операция учурунда «Альфа» атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу фактысы боюнча ачылган иште күбө катары өтүп жатканы белгилүү болгон.