27.12.2019 15:30

КСДПнын башчыларын кайрадан суракка чакырышты

КСДПнын башчыларын кайрадан суракка чакырышты

КСДП саясий партиясынын жетекчилерин кайрадан суракка чакырышты. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка караганда, сурак берүү үчүн алар ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгына келишкен.

Саат 14:00дө суракка алгач КСДП партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Асель Кодуранова, төраганын орун басарлары Ирина Карамушкина жана Кундуз Жолдубаева, ошондой эле саясий кеңештин мүчөсү Мээрбек Мискенбаев киришкен.

Азырынча кененирээк маалымат таркатыла элек.