29.03.2019 15:00

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева анын артынан аңдуулар болуп жатканын билдирди

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева анын артынан аңдуулар болуп жатканын билдирди

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева анын артынан белгисиз адамдар аңдып жүрүшкөнүн билдирди. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Мен Жалал-Абад шаарынын аэропортунан чыккандан бери мына бул азаматтар артыман аңдып жүрүшөт. Кайда барбайын, ээрчип, камерага тартышууда. Бизге белгилүү болгондой,  жогорудан партиянын алдыда болчу съездине делегаттар тандалуучу партконференцияны үзгүлтүккө учуратуу буйругу түшүптүр. Биз бут тосуулар, басым жана ар кандай чагымчыл аракеттер болоорун билип турабыз. Бирок, эч нерсеге карабастан,  6-апрелде съездибизди өткөрөбүз», -деп билдирет Жолдубаева.

Ал мындай иштерге убакыт короткондун ордуна күчтөрүн башка реалдуу иштерге жумшоону сунуштады. «Же эмне өлкөдө оппозиция менен күрөшкөндөн башка көйгөй калбай калдыбы?», -дейт ал.