07.02.2020 11:23

КТРКнын байкоочу кеңешинде төрага алмашты. Жыпар Жекшеевдин ордун Азамат Болгонбаев ээледи

КТРКнын байкоочу кеңешинде төрага алмашты. Жыпар Жекшеевдин ордун Азамат Болгонбаев ээледи

КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы төрагасы болуп Азамат Болгонбаев шайланды. Бул тууралуу КТРКнын расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, Болгонбаевдин талапкерлигин кеңештин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришкен.

Эскерте кетсек, байкоочу кеңештин мурунку төрагасы коомдук ишмер Жыпар Жекшеев ноябрь айында кызмат ордунан кеткен.

Мындан сырткары жыйында КТРКнын радиоуктуруу боюнча башкы директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Айбек Мусаевди Байкоочу кеңештин мүчөлөрү орун басар кылып, бир добуштан бекитишкен.