Жогорку Кеңеш 30-майда Өткүрбек Жамшитовдун отчетун угат
Жогорку Кеңеш 30-майда 2017-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчетун угат. Бул туурасында парламенттин басма-сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматта, төрага Дастанбек Жумабеков башында турган Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде парламенттин 30-31-май күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартибинин долбоору бекитилгени айтылат.
Ал эми 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында 2017-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчетун угушат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: