19.03.2019 17:47

Кубанычбек Исабеков: Мурда вице-спикердин айлыгы 23 миң сом болчу, азыр катардагы депутат 80 миң алат

Кубанычбек Исабеков: Мурда вице-спикердин айлыгы 23 миң сом болчу, азыр катардагы депутат 80 миң алат

Бүгүн «Апрель»телеканалынын  «Кеп көөрүк» берүүсүндө саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков конокто болду. Маектен үзүндү сунуштайбыз.

— Саясатта көрүнбөй кеттиңиз. Акыркы жолу сизди президенттик шайлоонун алдында көрдүк эле. Азыр эмне менен алектенип атасыз? 

— Тилекке каршы, мени кээ бир мамлекеттик ММКларга чыгарбай калышкан, бирок НТС, дагы бир топ оппозициялык маанайдагы канал, гезит, сайттарга чыгып жүрөм. Мындан улам, кээ бирлер кайда кетип калдыңыз дешет. Мен Кыргызстанда элемин. Бир ишкана жетектейбиз, салык төлөйм, сабак берем, магистранттарга сабак берем, жакында Москвада докторлук диссертациямды жактаган атам. Илимий эки монография, дагы бир китебим чыкты. Жумуш көп, иштесе болот экен. Жер сатып алдым эле, үй салып жүрөм. Саясатка кайтып келесизби деген суроо берериңерди сезип турам. 

Карап туруп жаның кейийт экен. Өзүм кыргызстандык болгондон кийин, бала-бакыра бар, ата-бабанын сөөгү коюлган жер, мен башка жакка качып кете турган киши эмесмин, ошон үчүн кайдыгер карай албайт экем. Кандай оңдосо болот, эмне кылса болот, көрүп-билип тургандан кийин мен чоң саясатка кайра келем дагы мамлекетттин өнүгүшүнө салымымды кошом деген ойдомун. 

—Демек, 2020-жылы шайлоого катышат турбайсызбы, ким менен барасыз?

— Азырынча токтоло элекмин, 3 партиядан сунуш бар. Аларды карап туруп, кийинчерээк айтам. Бул-биринчиден. Экинчиден, биз деле өзүнчө партия курсакпы, бар партияны жандандырып алып кетсекпи деп ойлонуп жатабыз. Катарыбызда өзүмө окшогон саясатчылар, жаштар бар. 

—Азыркы саясатка кайдыгер карай албайм дедиңиз. Кайсы көрүнүшкө кайдыгер карай албай жатасыз? 

—Азыр биздин мамлекетте стабилдүүлүк турат дегенден алысмын. Себеби, саясий стабилдүүлүк өтө курчуп кетти. Бул келип, жаман жагы менен да айланышы мүмкүн. Мыйзамдуулук сакталышы керек, тилекке каршы, мыйзам бузуулар да көбөйүп жатат. Саясий заказдар көбөйүп жатат. Эмки жылкы шайлоо тынч өтүп кетет деп ким кепилдик бере алат? Азыртан эле курчуп баштады, а эмки жылга чейин эмне болот? Биздин эл деле тынчтыкты жакшы көргөн эл. Мурунку бийликке да, азыркы бийликке да нааразычылык көбөйүп жатат. Бюджеттин акыбалы тигил болсо, мамлекеттин келечеги кандай болот? Карызыбыз көбөйдү. Түрмөгө отуруп чыккандардан өйдө соттошобуз деп айтып жатышат. Башка мамлекеттен күчтөр келип, бизди колдонуп кетпейт деп кепилдик берүү кыйын. Ошон  үчүн биз жаран болгондон кийин өзүбүздүн үнүбүздү чыгарып, айтып, мамлекетти сактап калганга ар бирибиз салымыбызды кошушубуз керек.

—Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин сапаты, ошол жакта каралган маселелер, дегеле ЖК түзүмү, курамы барган сайын сапаты жагынан начарлап кетип жатат деген пикирлер бар да. Сиздин оюңуз?

—Мен парламентке 2005-жылы шайланып келгем. Бир мандаттуу шайлоо болуп, элден шайланып келгенбиз. Арабызда Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов, Өмүрбек Бабанов, Азимбек Бекназаров сыяктуу көп кишилер менен чогуу иштедик. Элдин элегинен өтүп келген күчтүү депутаттар бар болчу. 75 депутат, болгону 7 комитетибиз бар болчу. 7 комитетте эле маселенин баары каралып, чечилчү. Туура эмес болуп жатса, президентти да чакырып алчубуз. Ал убакта парламенттик бийлик жок болчу. Бирок, элдин мүдөөсүн аткарганга, үнүн жеткиргенге укугубуз бар болчу. Биз элге барып, шайлоочуларга отчет берчүбүз. Бүгүнкү Жогорку Кеңештин кейпи ушундан болуп жатат. Элдин элегинен өтүп келген болсо, бул башка маселе. Мисалы, Жети-Өгүз району чоң район. Элинин саны боюнча Ысык-Көл облусунда биринчи орунда турат. Мени азыркы кесиптештер жаман көрбөсүн, бирок ачык айта турган кээ бир нерселер бар. Мисалы, өткөн парламентте 120 депутаттын ичинен чоң Кара-Суу районунан бир да депутат болгон жок, Алай районунан болсо 16 депутат болду. Себеби, жалаң эле партияны карап калышты да, партиянын кээ бир лидерлери ар бир орунду 200 миңден 500 миң долларга чейин сатып байып алышты. Анан ошолор барды дагы кимдин маселесин көтөрөт? Кээ бир региондордон, килейген Чүй облусунан 10 эле депутат болуптур. Алар жетише албайт деп эсептейм. Ошон үчүн партиялык система бир четинен жакшы, экинчи жагынан кемчилиги оркоюп чыгып калды. Менин оюмча, Конституцияны өзгөртүш керек. Азыркы күндө бюджеттин жарымы чиновниктерге кетип жатат. Акаев, Бакиев, Отунбаеванын учуруна караганда, азыр өкмөт мүчөлөрү көп болуп кетти. Министрликтер аз келгенсип, мамлекеттик комитеттер да пайда болду. Мамлекеттик кызмат, мамагенттик, мамлекеттик департаменттерди эсептегенде эки жүздөн ашты. Кичинекей Кыргызстанга 56 аким, 7 губернатор керекпи? Өкмөттүн өкүлү деп атын өзгөртүп койгон менен губернатор боюнча эле калды. 120 депутат да Кыргызстанга көптүк кылат. 16 комитет болуп атат. Чындыкты айтса жаман көрүшөт, бирок мен вице-спикер болуп турганда 23 миң айлык алчумун, азыр катардагы депутаттыкы 80 миң болду.  Алар азыр командировка чыгымдарын, жадагалса, айдоочуларынын айлыктарын да өздөрүнө жаздырып алышып, эч кандай отчет беришпейт. Биздин убакта бир пачка кагаз алсак да, отчет берчүбүз. 

—Азыр саясатчылар экиге бөлүнүп калды. Бири экс-президент тарапта, жарымы -азыркы бийлик тарапта. Жаап-жашырганда эмне, айрым саясатчылар Атамбаевге биригип атышат. Сизди келечекте Атамбаевдин жанынан көрүп калышыбыз мүмкүнбү?

—Менин эч кимиси менен аласа-бересем жок. Өзүңөр көрүп-билип жүргөндөй, мен бирөө менен жакалашып, кармашкан күнүм болгон эмес. Менин Атамбаев мырза менен мамилем жакшы болчу. Ал киши биздин убакта премьер-министр болуп да иштеген. Жогорку Кеңешке өкмөттөн бир мыйзам долбоору келип, ошол каралбай калып атса, мага чалып сурап калчу. Маселе болуп калса, мен да чалчумун, кофесин кайнаттырып тосуп алчу. Бул жагынан менин ал киши менен аласа-бересем жок. Бул, бир чети. Экинчиден, ал кишинин кээ бир кылгандарына мен каршымын. 

Толук маекти бүгүн, саат 21:00дө  «Апрель»телеканалынын  «Кеп көөрүк» берүүсүнөн көрө аласыздар.