20.05.2019 12:34

Кубанычбек Кулматов: Мени бир дагы жолу тергөөгө чакырышкан жок

Кубанычбек Кулматов: Мени бир дагы жолу тергөөгө чакырышкан жок

Бүгүн, 20-майда Бишкек шаардык сотунда Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын кайра кароо боюнча соттук иш өтүп жатат. Айыпталуучу Кубанычбек Кулматов тергөө учурундагы башаламандык жөнүндө билдирип, кылмыш иш менен дагы деле тааныш эмес экенин айтты. 

«Мага дагы деле айыптоо корутундусун берише элек. Бул прокурор менен соттун шалаакылыгы эле эмес, чектен чыккандыгы. Мен бул жерде эмнеге отурганымды түшүнбөйм», — деди Кубанычбек Кулматов.

Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө аны бир да жолу териштирүү иштерине чакырышпаганын билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкектин экс-мэри, Бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматов 2018-жылдын 5-июнунда камакка алынган. Ага Бишкек мэри болуп турган кезде, 2 млн. доллар гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланган деген айып тагылууда. Бул каражат кытайлык TBEA компаниясы тарабынан аймактарга эки жаңы мектеп курууга берилген.

Кулматов каражатты Бишкек шаарындагы «Калыс-Ордо» жаңы конушуна мектеп курууга жумшоону туура көргөн.  Ошол эле учурда, Кулматов өзү  акча мэрияга накталай түшпөгөнүн, кытайлык компания аны дароо  куруучу компаниянын эсебине которгонун билдирген болчу.