02.08.2019 11:06

Кубанычбек Кулматов: Сот күбөлөрдүн процесске келишин камсыздай албай жатат

Кубанычбек Кулматов: Сот күбөлөрдүн процесске келишин камсыздай албай жатат

Бүгүн Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго козголгон кылмыш ишин кароо улантылды. Ага судья Кубанычбек Касымбеков төрагалык кылууда. 

Отурумдун башында айыпталуучулардын бири Азамат Гүлжигитовдун жактоочусу айыпталуучу ооруп, процесске келе албай калганына байланыштуу отурумду жылдырууну суранды. Прокурор бүгүнкү процесске дал ушул айыпталуучу өтүп жаткан эпизод боюнча күбөлөр чакырылганын эскертип, ансыз ишти кароону улантууга болбой турганын билдирди. Ал ошондой эле «Дастан» ишканасы боюнча иште эки күбөнү мажбурлоо жолу менен процесске алып келүү зарылдыгы жаралганын кошумчалады. 

Процесстин жүрүшүндө башка айыпталуучулар сот күбөлөрдүн келишин камсыз кыла албай жатканына жана жарым жылдан бери иш ордунан жылбай жатканына нааразычылыктарын билдиришти.

«Биз бул жерде 7 айдан бери отурабыз, эч жылыш жок. Сот күбөлөрдүн келишин камсыздай албай жатат. Балким, иштерди өз-өзүнчө бөлүү маселесин карап көрөсүздөр? Менин «Дастан» ишканасы боюнча ишке кандай тиешем бар? Күндө эле сотко келе беремби, ишти бөлгүлө», - деди «Калыс-Ордодогу» мектеп боюнча иште фигурант катары өтүп жаткан Кубанычбек Кулматов. 

Аны башка айыпталуучулар да колдошту. Бирок сот өтүнүчтү канааттандырган жок. Ишти кароо 5-августка жылдырылды.