31.05.2019 12:17

Кубанычбек Кулматов сотту иштен четтетүүнү талап кылды

Кубанычбек Кулматов сотту иштен четтетүүнү талап кылды

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн, 31-майда экс-мэрлердин иши каралууда. Соттук отурумдун жүрүшүндө экс-мэр Кубанычбек Кулматов Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбековду кылмыш ишин кароодон четтетүү талабын койду.  Буга чейин жактоочу Сергей Слесарев айыпталуучуларды кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу өтүнүчүн келтирген.  

«Айыпталуучулардын бири дагы иш менен тааныш эмес. Андыктан, жок дегенде кылмыш иши боюнча формалдуу түрдө кол тамгаларды алып, айыптоочу актылардын көчүрмөлөрүн тапшырууну суранабыз», – деди ал. 

Кулматов өз кезегинде кылмыш иштин материалдары менен тааныштырууну жетинчи ирет суранып жатканын билдирди. 

«Мени иш менен тааныштырыша элек. Тергөөчү мени чакырып, тааныштырган жок. Мен бул жакта эмне кылып жүрөм? Жетинчи жолу суранып жатам, силер болсо, менин өтүнүчүмдү кулагыңардын сыртынан кетирип жатасыңар», –  деди ал. 

Прокурорлордун бири Кулматов өзү айыптоочу актыга кол коюудан баш тартканын билдирди. Буга экс-мэр алгач 13 томдон турган кылмыш иши менен таанышып чыгышы керек экенин билдирди. 

«Мен айыптоочу актыга кол коюп берем, бирок мен иш менен таанышып чыгышым  керек. Бул жакта менин тагдырым чечилип жатат. Алгач ишти мыйзамдуу алып барып жатасыңарбы, ошону тактап алгылачы.  Бул ишти кантип өткөрүп жибердиңер?» – деди  ал. 

Сот  алгач бул өтүнүчтү четке какты. Буга нааразы болгон Кулматов судьяны алмаштырууну талап кылды. 

«Мен процесске катышуудан баш тартам. Судьяны бул ишти кароодон четтетүүнү талап кылам. Бул жакта менин укуктарым эске алынбай жатат. Мен соттолуучу эмесмин. Бул сот иши - оюнга айланды», –  деди  ал. .

Башка соттолуучулар жана жактоочулар Кулматовду колдошту.  Бирок сот өзүн иштен четтетүүгө негиз жок экенин билдирип, иштин материалдары менен таанышып чыгуусуна уруксаат берди.