02.10.2018 15:32
Кубанычбек Кулматов тергөө абагында калтырылды
Жогорку Сот Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовду камакта калтырды. Аны УКМКнын тергөө абагында отуруу мөөнөтү 28-октябрга чейин узартылды. Бул туурасында жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.
Жактоочунун айтымында, Жогорку Сот Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин нормаларын одоно бузган.
«Кулматов 28-сентябрга чейин камакта кармалышы керек болчу. Бирок, Жогорку Сот биздин доо арызды карап да койгон жок. Жыйынтыгында Кулматов Тергөө абагында эч кандай негизсиз отурат», — деп билдирди Сергей Слесарев.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: