25.05.2018 10:45

Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды

Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды

Бишкектин мурунку мэри, Бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды. Бул туурасында  Kaktus.media  УКМКга шилтеме берип, жазып чыкты. 

Мүлккө тыюу салуу Кулматовго  «Жемкорлук» беренеси боюнча  козголгон  кылмыш ишинин алкагында жүрдү. Ал Бишкек мэри болуп турган кезде, 2 млн. доллар гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланышы мүмкүн деп шектелүүдө. Булкаражат кытайлык TBEA компаниясы тарабынан аймактарга эки жаңы мектеп курууга берилген. Кулматов «Калыс-Ордо» жаңы конушу мектепке муктаж деген шылтоо менен каражатты өкмөттүн бюджетинен мэриянын казынасына котортуп алган деп айыпталууда. 

Бирок, буга чейин Кулматов акча мэрияга накталай түшпөгөнүн, кытайлык компания аны дароо  куруучу компаниянын эсебине которгонун билдирген болчу.