22.05.2018 13:19

Кулматов: TBEA мектеп курулушуна берген акча мэрияга эмес, курулуш компаниясына которулган

Мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов коррупция боюнча айыпталды. Кечээ ал экинчи ирет УКМКга суракка чакырылды. Төрт саат бою чекисттер менен баарлашкан экс калаа башчы коюлган кунөөлөрдүн тушүнүксуз жана негизсиз экенин жар салды.

Белгилүү болгондой, 2014 жылы Кытайлык TBEA компаниясы Бишкек ЖЭБди жаңылоонун алкагында аймактарга эки мектеп куруу үчүн 2 млн доллар гранттык каражат бөлгөн. Ал акчага мурдагы калаа башчы Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп салууга ниеттенип, каражатты өкмөттүн карамагынан шаардык мэрияга алдырткан. Экс-мэр сынагы жок эле "Alto Group" компаниясынын жетекчиси менен келишим түзүп, 1 млн долларды TBEA түз куруучунун балансына которткону айтылууда. Ал эми чиновник өзү айыптоолорду негизсиз деп жарыялап, иликтөө органдары бул иште коррупциянын ордуна бир гана саясатты таба алышат деген оюн айтты. буга чейинки үйун тинтүү да жөн гана моралдык басым болчу деп баалады.