31.05.2020 11:47

Кулагына эн салышкан. Ысык-Көлдө аёосуз сабалган адамдын окуясы

Кулагына эн салышкан. Ысык-Көлдө аёосуз сабалган адамдын окуясы

Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки кулагы тең кесилген кишинин милицияда сурак берип жаткан учурунда тартылган видео тарады. Аны фейсбукта  Турат Аким деген катталуучу жарыялаган.

Анын жазганына караганда окуя зындан айылында катталган.

“ Бул эргул ичип алып мушташып, экөөнү сабаптыр. Таяк жегендер качып кетип, дагы досторун чакырып жабылып “сен эмне мынча дерзкий!” десе, “мен Балбайдын кулагын кескен тукумдан болом”,- дейт. “Андай болсо, сенин кулагыңды мен кесем!”- деп бирөөсү бычак менен мунун эки кулагына бакан эн коюптур (V тамга). “Тез жардам” кулактарын тигип, милицияга тапшырышыптыр”,-деп жазган Турат Аким.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 2-майында Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондук оорукана тарабынан Ак-Суу районунун Зындан айылынын 36 жаштагы тургуну А.А. дене жаракаты менен түшкөнү кабарланган.  Ыкчам тергөө тобу окуянын чоо-чайын териштирген. Жабырлануучу Токмоктон айылы Зынданга бара жатып, жолдон  мас абалындагы адамдар менен бирге спирттик ичимдигин ичип, арасында бирөө менен мушташкан. Кесепетинде кылмышка шектүү анын эки кулагын тең бычак менен кесип салган.

Аталган факт Түп РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 139-беренеси (ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кылмышка шектүү Кудургу айылынын 29 жаштагы тургуну К.у.К. болгон. Шектүү милицияда күнөөсүн мойнуна алган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө жабырлануучу А.А. Түп РИИБге тосмо арыз менен кайрылып, иш токтолганы айтылат.

Ал эми жабырлануучу менен шектүүнүн урушу Балбай баатырга байланыштуу эмес болгону ачыкталды.