14.12.2018 13:43

Кулагына наушник салган бойдон уктаган өспүрүм каза тапты

Кулагына наушник салган бойдон уктаган өспүрүм каза тапты

Малайзияда 16 жаштагы өспүрүм кубатталып жаткан телефонуна наушник сая коюп, ток уруп каза тапты. Бул туурасында Daily Mail жазып чыкты. 

Кырсык Негери Сембилан штатынын Рембау аймагында болгон. Апасынын айтканына караганда, ал полдо жаткан уулун көрүп, уктап атат деп ойлогон. Жумуштан келгенден кийин ойготууга аракет кылып, кийин дарыгерлерди чакырган. Дарыгерлер анын оң кулагы күйүп калганын көрүшкөн. Денени союп көргөн соң, өспүрүмдү ток уруп каза тапканы аныкталган. 

Белгилей кетүүчү жагдай, бала кулагына наушник салган боюнча уктоого камынган. Телефону бул учурда кубатталып жаткан болчу.  Өспүрүмдүн агасы телефонго колун тийгизгенде, аны да күчтүү эмес ток урган. Социалдык тармактарда баланын сүрөтүн таратып, башкаларды этият болууга чакырып башташты.