07.06.2019 11:46

Кулматов менен Ибраимовдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүү өтүнүчү кайра жолдонду

Кулматов менен Ибраимовдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүү өтүнүчү кайра жолдонду

Бүгүн, 7-июнда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматова менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Процесстин жүрүшүндө мурунку калаа башчыларынын жактоочусу Сергей Слесарев Кулматов менен Ибраимовдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн дагы бир ирет жолдоду. Анын айтымында, экс-мэрлерди камакта кармап турууга негиз жок. 

«Биринчиден, Кулматов - КР жараны, ал Бишкек шаарында туруктуу жашап турат. Ал - Кыргызстандын кадырлуу жараны. Мен анын мамлекеттик сыйлыктары, билими жана коомдо орду бар экенин эскертип кетем. Ал окумуштуу жана илимдин доктору. Анын үй-бүлөсү жана үч баласы бар. Кичинекей кызы бар», - деди жактоочу. 

Андан тышкары, Слесарев Кулматовдун бөгөт коюу чарасын мыйзамсыз өзгөртүшкөнүн билдирди. 

«Кулматов өткөн жылдын 5-июнунда камакка алынган. Ал эмне болуп камакка түшүп калды? Аны өлкөдөн чыкпоого милдеттендирген бөгөт чарасы өзгөртүлүп коюлду. Мурда мыйзам бөгөт чара бузулган учурда гана аны өзгөртүүгө мүмкүн экени тууралуу айтчу.  Бул маселени карап жаткан соттор акыйкаттык дегенди унутушту. Кулматов мыйзамсыз камалды. Биз канча ирет азыркы бөгөт чарасына каршы арыздандык. Бирок бир дагы прокурор, бир дагы сот аны камакка алуунун жүйөлүү себептерин айта алган жок», - деп түшүндүрдү жактоочу. 

Слесарев мыйзам боюнча сот Кулматовдун кармалганына бир жыл өткөндүктөн, мындан ары камакта  кала албасы тууралуу Жогорку Сотко билдириши керектигин эстетти.