06.03.2019 11:01

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча отурумдан ЖМК өкүлдөрү чыгарылды

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча отурумдан ЖМК өкүлдөрү чыгарылды

Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурумдан журналисттерди чыгарып коюшту. Бүгүн, 6-мартта Ленин райондук сотунда Кулматов жана Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Белгилүү болгондой, сот төрт ишти бириктирип койгондуктан, отурум өтүүчү залга айыпталуучулардын тарапташтары батпай калды. Мындан тышкары, сот отурумга журналисттерди катыштырбоо чечимин кабыл алды.

Экс-мэра Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесаревдин оюнда, бул соттун отурум кандай өтөөрү тууралуу чечим чыгара электигине байланыштуу болушу мүмкүн.