13.03.2019 11:19

Кулматов менен Ибраимовдун тарапташтары эки кылмыш ишти эмнеге бириктирип коюшкандарын түшүнүшпөйт

Кулматов менен Ибраимовдун тарапташтары эки кылмыш ишти эмнеге бириктирип коюшкандарын түшүнүшпөйт

Кулматов менен Ибраимовдун тарапташтары соттун эки башка кылмыш ишти эмнеге бириктирип коюшкандарын түшүнүшпөйт. Бул туурасында алар бүгүнкү соттук отурумдун башталышында айтышты.

«Бийликке эки ишти бириктирип, бул соттук процесстердин айланасында ажиотаж түзүү пайдалуу болуп жатат», - деп билдиришти айыпталуучулардын тарапташтары. 

Алардын айтымында, айыпталуучулардын жакындарын соттук жыйындар залына киргизбөө үчүн атайын ушундай шарттар түзүлүүдө. 

«Бул жерде «Дастан» ишканасы менен Калыс-Ордо мектебинин эмне байланышы бар? Кулматов эч качан «Дастанга» тиешеси болгон эмес. Жок дегенде оңураак шарт түзүшпөйт. Өткөн отурумда эле жактоочулар соттук процессти чоң залдары бар Бишкек шаардык сотунда өткөрүүнү сунушташкан. Тар жерде өткөрүп жатышкандары да кокусунан эмес деген ой бар», - деп билдиришти тарапташтары.