03.04.2019 11:10

Кулматовдун тарапташтарын соттук процесске киргизбей коюшту

Кулматовдун тарапташтарын соттук процесске киргизбей коюшту

Кулматовдун тарапташтарын соттук процесске киргизишкен жок. Бул туурасында КСДПдан билдиришти. 

Бүгүн, 3-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөлөрү жана экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө. 

Соттук процесске экс-мэрлердин тарапташтары келди. Бирок, көпчүлүгүн милиционерлер сот залына киргизбей коюшту. Айыпталуучулардын туугандары менен досторун түрткүлөп, процесске кирүүгө мүмкүндүк беришкен жок.