10.07.2018 10:23

Кулматовдун тергөө аяктагыча камакта кармалышы мыйзамдуубу? Жогорку Сот кароодо

Кулматовдун тергөө аяктагыча камакта кармалышы мыйзамдуубу? Жогорку Сот кароодо

Жогорку Сот бүгүн, 10-июлда Биринчи май райондук сотунун Кулматовдун баш коргоо чарасын «камакка алуу» кылып өзгөрткөнү канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин карап жатат. Бул туурасында April.kg  порталына Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Ал эми, эртен саат 16:30да Бишкек шаардык сотунда мурунку мэр Кубанычбек Кулматовдун  баш коргоо чарасын дагы эки айга узартуу боюнча Биринчи май райсотунун чечимине каршы жактоочунун арызы каралат.  

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райсоту коррупция беренеси менен айыпталып жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы, Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун «өлкөдөн чыкпоо» баш коргоо чарасын УКМКнын тергөө абагына 28-июнга чейин камакка алууга өзгөрткөн эле. 

Буга макул болбогон Кулматовдун жактоочусу Бишкек шаардык сотко кассациялык арыз менен кайрылып, 18-июнда Бишкек шаардык соту экс-мэр Кулматовду тергөө бүткүчө камакта калтыруу туурасындагы Биринчи май райсотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

25-июнда камакта кармоо мөөнөтү аягына чыгып баратканына байланыштуу Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын кайра карап чыгып, 28- августка чейин камакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.  

Кулматовго кытайлык компаниянын мектеп курууга берген каражатын мыйзамсыз пайдаланган деген айып тагылууда.