«Кумтөр» ишканасында жоголгон кызматкерлер табыла элек

«Кумтөр» ишканасында жоголгон кызматкерлер табыла элек

«Кумтөр» ишканасынын жер көчкү астында калган эки кызматкери дагы эле табыла элек. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Жекшемби күнү эртең менен Кумтөр кениндеги участкалардын биринде жер көчкү болуп, эки киши дайынсыз болууда.

Ага ылайык, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет.

Эске салсак, 1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери - бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезметчиси жоголгон. Баштапкы маалымат боюнча, кызматкерлер Кумтөрдөгү жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн. Учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат.