03.12.2019 11:53

"Кумтөр": жоголгон кызматкерлерди издөө үчүн атайын штаб түзүлдү

"Кумтөр": жоголгон кызматкерлерди издөө үчүн атайын штаб түзүлдү

Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» кенинде жер астында калган эки кызматкерди издөөдө атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, штабка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирди.

«Кумтөр» ишканасынын табылбай жаткан эки кызматкерин издөө-куткаруу боюнча кендеги тийиштүү адистер менен биргеликте иш жүрүүдө. ӨКМден 64 жана ишканадан 28 куткаруучу күнү-түнү издөөдө.

ӨКМдин билдирүүсүндө, кырсык Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмардын кескин түрдө жылып кеткендигине байланыштуу болгон.