08.10.2019 17:13

Кундуз Жолдубаева: Алга Кылычевге кысым көрсөтүлгөн болушу мүмкүн

Кундуз Жолдубаева: Алга Кылычевге кысым көрсөтүлгөн болушу мүмкүн

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге каршы ойдон чыгарылган көрсөтмө алуу үчүн Алга Кылычевге кысым көрсөтүлгөн болушу мүмкүн. Бул туурасында КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева«Вечерний Бишкек» сайтына билдирди. 

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар жактоочу Замир Жоошевге шилтеме кылуу менен КСДП мүчөсү, Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев айрым партиялаштарына каршы көрсөтмө берип жатканын жазып чыккан эле. 

Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, Кылычев менен Атамбаевди беттештирише  элек. 

«Мен Кылычев тергөө менен кызматташып жатканы тууралуу билбейм, бирок бизди беттештиргенде анын моралдык жактан чөгүп калганын байкадым. Ден соолугунан көйгөйү да бар -кант диабети менен жабыркайт. Андыктан, менимче, ага басым кылып, ойдон чыгарылган көрсөтмө алуулары мүмкүн», - деди Жолдубаева.