23.06.2019 13:02

Кундуз Жолдубаева: Алмазбек Атамбаевдин сыйлыкка берилген куралы бар

Кундуз Жолдубаева: Алмазбек Атамбаевдин сыйлыкка берилген куралы бар

«Алмазбек Атамбаевдин сыйлыкка берилген куралы бар жана ал аны колдонуу жөнүндө мыйзамдарды жакшы билет». Бул туурасында экс-президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, экс-президенттин кечээ күнкү сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин «ак үйдүн жалданма жазмакерлери тарабынан обу жок имиш жана ушактар таратылууда». 

«Алмазбек Атамбаевдин сыйлыкка берилген куралы бар жана ал аны колдонуу жөнүндө мыйзамдарды жакшы билет. Экс-президент өзү жөнүндө гана айткандыктан, эч кандай башка куралды назарда тутпаганы ар бир акыл-эстүү адамга түшүнүктүү. Демек, ал кимдир-бирөөнү кантип коркутмак эле? Анын сөздөрү өз өмүрүн тобокелге салбасы үчүн анын коргоочуларына карата айтылган»,- деп билдирди Кундуз Жолдубаева. 

Кечээ, экс-президенттин Кой-Таштагы үйүнө аны колдоп, 500гө жакын киши чогулган. Алардын алдында сүйлөп жатып, Алмазбек Атамбаев:

«Акыркы эки-үч жумадан бери мага кайра-кайра Чүйдүн жигиттери келип жатат. Мен аларга өзүмдү-өзүм коргоп көнгөнүмдү, куралым бар экенин айттым», -деген эле.