08.08.2019 21:21

Кундуз Жолдубаева: Атамбаевди УКМКга алып кетишти, кайсы макамда экени азырынча - белгисиз

Кундуз Жолдубаева: Атамбаевди УКМКга алып кетишти, кайсы макамда экени азырынча - белгисиз

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди УКМКга алып кетишти. Бул туурасында КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди. 

«Алмазбек Атамбаевди кайсы статуста алып кетишкени азырынча белгисиз. Азыр киргенде, ошону тактайбыз», -деди Жолдубаева.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-августта кечке маал УКМКнын атайын отряды Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө экинчи ирет чабуул жасап, экс-президентти жана анын жакындарын кармап кеткени кабарланган. 

Жолдубаева менен бирге ИИМге экс-президенттин мурунку кеңешчиси Фарид Ниязов дагы алынып келинди.