02.09.2019 12:35

Кундуз Жолдубаева: Бийлик болгон ыкманы колдонуу менен КСДПны жок кылуу аракетин көрүүдө

Кундуз Жолдубаева: Бийлик болгон ыкманы колдонуу менен КСДПны жок кылуу аракетин көрүүдө

КСДП саясий партиясын «Медиа Форум» имаратында ижарага алынган жумуш орундарына киргизбей жатышат, - деп билдирди Фейсбуктагы өз баракчасында партия төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева.

«Биз Аскер прокуратурасындабыз. Тергөөчү өз иш бөлмөсүнө кире албай жаткан «Медиа Форум» ААК башкы директорун кабыл алды. Аскер прокуратурасындагылар тергөөгө шылтап жатышат. Бул - саясий партиянын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз тоскоолдук жаратуу, мындай кылуу -мыйзамды бузгандыкка жатат. КСДП - ачык-айкын идеологиясы жана тарыхы бар ири партия. Сооронбай Жээнбековду президенттикке ушул партия көрсөткөн. Бүгүн болсо, бийлик бардык ыкманы колдонуу менен саясий бирикмени жок кылууга аракет жасоодо», - деп жазды Жолдубаева. 

Ал эми, «Медиа Форум» ААК башкы директору Дамир Кожомкулов КСДП партиясынын имаратта ижарага алган кеңселери бар экенин билдирди.

«Биз азыр Атайын прокуратуранын жанында турабыз. «Медиа Форумга» уруксаат бербей жатат. КСДП партиясынын бизде ижарасы бар болчу. Буларга арендатор катары эшиктерин ачып бербей жатат», -деди Кожомкулов.