12.06.2019 14:07

Кундуз Жолдубаева: Эл экс-президентти каматып коюп туруп бербейт

Кундуз Жолдубаева: Эл экс-президентти каматып коюп туруп бербейт

Эл экс-президентти камаганга жол бербейт. Бул туурасында Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Жогорку Кеңеште татыктуу депутаттар бар экени шексиз, бирок эгер маселени жалпылап карай турган болсок, болуп көрбөгөндөй төмөн кадыр-баркка ээ Жогорку Кеңеш Иса Өмүркулов айткандай, «унчукпай, акырын отура берсе» болмок! 

Эл башкалар жашынып жатканда, өзү жалгыз бийликке ачык каршы чыккан жалгыз саясатчы – экс-президентти каматып коюп туруп бербейт. Эгерде бийлик бир балээни баштагысы келип жатса, баштасын», -дейт Кундуз Жолдубаева.