08.04.2019 15:00

Кундуз Жолдубаева: Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмиянов КСДП мүчөсү катары кала берет

Кундуз Жолдубаева: Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмиянов КСДП мүчөсү катары кала берет

Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмиянов КСДПнын Саясий кеңешине кирбеген менен, дагы деле партия мүчөсү катары калышты. Бул туурасында КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Мен Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмияновдун КСДПнын Саясий кеңешине кирбегени боюнча түшүндүрмө бере кетейин. Биринчиден, бул алардын тандоосу болду. Фарид Ниязов жолду жаштарга, жаңы жүздөргө бериш керек деп эсептейт. Бүгүн КСДП жаңы багыт алды, анда элитаны алмаштыруу да каралган. Бирок, биз Фарид Абилезимовичтен Саясий кеңештин курамында калууну өтүндүк, кантсе да, ал партияны курууда чоң салым кошкон жана кошуп келатат.
Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана «Апрель» коомдук фондунун директор бойдон кала берет. Икрамжан Илмиянов 2017-жылы эле президенттик шайлоо бүткөн соң партиянын иштеринен алыстоо ниетин билдирген. 2018-жылдын башында бул чечимин тастыктаган. Экинчиден, экөө тең КСДПнын мүчөсү катары кала берет», -дейт Кундуз Жолдубаева.