15.01.2019 10:18

Кундуз Жолдубаева: Кытайларга карата маанайды курчутууну бийликтер саясый оппоненттерден эмес, өзүлөрүнүн мамлекеттик органдарынан издеши керек

Кундуз Жолдубаева: Кытайларга карата маанайды курчутууну бийликтер саясый оппоненттерден эмес, өзүлөрүнүн мамлекеттик органдарынан издеши керек

«Кытайларга карата маанайды курчутууну бийликтер саясый оппоненттерден эмес, өзүлөрүнүн мамлекеттик органдарынан издеши керек». Мындай пикирин КСДП атынан партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. 

Билдирүүнү толугу менен беребиз: «Өлкөдө кытайларга карата маанайды курчутууну Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) ишмердүүлүгү менен байланыштыруу аракеттери жанданып бараткандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү расмий түрдө билдиребиз:

Биздин саясый оппонеттер кезектеги мындай калп жана ыпылас маалыматтык чагым таратуу менен өзүлөрү кетирген кемчиликтер үчүн күнөөнү экс-президент А.Ш. Атамбаевге жана анын тарапташтарына оодарууну көздөшүүдө. Кесипкөй атайын кызматтар чагымчыл митингдердин, тактап айтканда, 7-январда Бишкекте өткөн жана 17-январда өтүүсү жарыяланган митингдердин реалдуу уюштуруучуларын оңой эле аныктай алышмак, ал эми Президенттин Аппараты жана Өкмөт тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү болчу.

Иш жүзүндө өткөн жылы ичи толугу менен мамлекеттик бийлик органдары кытайларга каршы маалыматтарды таратууга жана кыргыз-кытай мамилелерине доо келтире турган башка чагымчыл каршы эч кандай тийиштүү чараларды көрүшкөн жок, эми болсо биз жоопкерчиликти «оору баштан соо башка» оодара салуу аракеттерин көрүп турабыз. Бул так жогоруда айтылган кытайларга карата маанайды курчутуунун себептерин бийликтер саясый оппоненттердин ишинен эмес, өзүлөрүнүн мамлекеттик органдарынан издей турган учур.

Анткени так Алмазбек Атамбаев президент болуп турган мезгилде КР менен КЭРдин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү кадамдар жасалып, биринчи кезекте Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары эске алынган биргелешкен масштабдуу жана өз ара пайдалуу экономикалык долбоорлор ишке ашырылган болчу. Экс-президент дос Кытай калкына жана анын лидерлерине чоң урмат менен мамиле кылат жана мындай мамиле эки жактан тең бирдей бааланат – КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин Алмазбек Атамбаевди, жадагалса, ал президенттик кызматтан кеткенден кийин да кабыл алганы бекеринен эмес.

Экс-президент да, Кыргызстандын Социал – демократиялык партиясы да, КСДПнын активисттери да Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамилелерге кесепеттери тие турган кандайдыр бир акцияларга эч кандай тиешеси жок жана болушу да мүмкүн эмес. Социал-демократтардын буга окшогон митингдерге тиешеси бар экени туурасындагы имиштерди жайылтуу КСДПга жана анын лидерине көө жабууга багытталган жалаа жабуу кампаниясынын бир бөлүгү болуп саналат», - деп жазылат билдирүүдө.