09.10.2019 10:20

Кундуз Жолдубаеваны тез арада суракка келүүгө мажбурлашууда

Кундуз Жолдубаеваны тез арада суракка келүүгө мажбурлашууда

КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны бүгүн саат 12:00гө суракка чакырышты. Бул туурасында Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Криминалдык милиция бүгүн саат 12:00гө суракка чакырган кагаз алып келиптир. Бирок ага карабай, тез арада Башкы тергөө башкармалыгына баруумду талап кылып жатышат. Анда чакыруу кагазы керек беле?», -дейт КСДП мүчөсү.